Жыл башынан бери өлкөдө акча алмаштыруучу жайлардын саны өстү

20 декабря 2022, 11:12

Кыргызстанда 2022-жылдын октябрына карата 431 акча алмаштыруучу жай катталган. Бул өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 51ге же 13,42%га көп. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

Сентябрдан октябрга чейинки бир айдын ичинде акча алмаштыруучу жайлардын саны 10го көбөйгөн.     

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда накталай чет өлкө валютасын алмаштыруу мыйзам боюнча лицензия менен аткарылышы керек. Кызматтын бул түрүн юридикалык жактар ​​гана көрсөтүшү керек. Ал эми акча алмаштыруу жайына лицензия алуу үчүн негизги талап 1 миллион сомдон кем эмес суммада жүгүртүү каражаты болушу керек.