Кыргызстанда пенсия жана пособиелерди төлөөгө 18 млрд сомдон ашык бөлүнгөн

11 мая 2022, 17:45

Быйылкы жылдын январь-апрель айларында кыргызстандыктар үчүн пенсияларды жана пособиелерди каржылоо 18 миллиард 167,6 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, пенсия жана жөлөк пулга бөлүнгөн каражаттардын көбү Ош жана Жалал-Абад облустарына, 3 миллиард 339,2 миллион жана 3 миллиард 133,3 миллион багытталган.

Анын ичинен Бишкек шаарына 2 миллиард 917,1 миллион сом, Чүй облусуна 2 миллиард 755,2, Ысык-Көл облусуна 1 миллиард 665,7 миллион, Баткенге 1 миллиард 516,5 миллион, ал эми Нарынга 1 миллиард 444,5 миллион сом жөнөтүлгөн.

Пенсия жана жөлөкпулдарды эң аз алгандар Талас облусуна жана Ош шаарына туура келет. Ал жакка 754,5 миллион жана 651,6 миллион сом жөнөтүлгөн.

2022-жылдын апрель айына карата пенсияларды жана пособиелерди каржылоо 4 миллиард 592,3 миллион сомду түздү.