Кыргызстанда клирингдик төлөмдөрдүн саны 18,67% кыскарды

20 декабря 2022, 10:24

Быйыл, 2022-жылдын октябрында Кыргызстанда клирингдик төлөм системасы аркылуу жалпы суммасы 21 миллиард 796,1 миллион сомго 614,5 миң транзакция жасалган. Бул тууралуу Улуттук банктын материалдарында айтылат.

Сентябрь айына салыштырмалуу транзакциялардын саны 18,67%га, ал эми которуулардын жалпы көлөмү 3,04%га кыскарган.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын январынан октябрына чейин клирингдик төлөм системасы аркылуу жалпы суммасы 203 миллиард 204 миллион 800 миң сомду түзгөн 6 миллион 649 миң 700 транзакция жасалган.