Кыргызстанда бут кийим жана булгаары буюмдарын өндүрүү 61,9 %га кыскарды

17 ноября 2022, 11:17

Быйыл булгаары буюмдарын жана бут кийим өндүрүү 61,92%га кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин “Кыргызстандын өнөр жайынын негизги экономикалык көрсөткүчтөрү” аттуу ай сайын чыгуучу бюллетенде жарыяланды. 

Былтыркы жылдын октябрына карата бут кийим жана булгаары буюмдарын өндүрүү 43 миллион 4,4 миң сомго бааланган болсо, быйыл бул көрсөткүч өлкө боюнча болгону 16 миллион 374,9 миң сомго бааланды.

Кызыгы, быйыл акчалай түрдө өндүрүштүн көлөмү бир топ азайса да, булгаарыдан жасалган буюмдардын физикалык көлөмү 2,6%га өскөн.

Жыл башынан бери көлөм 19,18%га төмөндөгөн. Былтыр январь-октябрь айларында Кыргызстанда 362 миллион 387,1 миң сомдук бут кийим, булгаары жана булгаарыдан жасалган буюм өндүрүлсө, ал эми быйыл он айда 292 миллион 858,6 миң сомдук буюм чыгарылган.