Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли төмөндөдү

26 июня 2023, 13:48

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, ушул жылдын беш айында райондук жана шаардык ишке орноштуруу кызматтары аркылуу 6,1 миң адам жумушка орношкон.

Маалыматта айтылгандай, рыноктук чыңалууларды басаңдатуунун эффективдүү механизми болуп жергиликтүү жамааттардын аймактарын көрктөндүрүү жана кесиптик билим берүү боюнча акы төлөнүүчү коомдук иштер саналат. Бул чаралар беш айда 7,5 миң адамды камтыды.

Эске салсак, Евразия экономикалык комиссиясынын акыркы маалыматы боюнча Кыргызстанда жумушсуздардын 2,8% жумушчу күчкө карата катталган.