Кыргыз-венгер кеңешинин жыйыны өтөт

3 мая 2022, 09:05

Бишкекте эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин экинчи жыйыны өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, стратегиялык кеңештин жыйынына Кыргызстан менен Венгриянын тышкы иштер министрлери төрагалык кылышат.

Ошондой эле аталган кеңештин жыйынына катышуу үчүн бүгүн, 3-майда Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто Кыргызстанга келери айтылды.