Кыргызстанда глобалдык акча жумалыгы башталды

15 марта 2023, 12:33

Ушул жылдын 15-мартынан 25-мартына чейин “Акчаңды пландаштыр, келечегиңе кам көр” урааны астында Кыргызстандын бардык аймактарында Дүйнөлүк акча жумалыгы өтөт.

Анын алкагында Улуттук банк, мамлекеттик органдар, коомдук жана эл аралык уюмдар, коммерциялык банктар жана микрофинансы уюмдары мектептерде финансылык сабаттуулук боюнча сабактарды, университеттерде лекцияларды жана тренингдерди өткөрүшөт.

Мындан тышкары, экскурсиялар, коммерциялык банктарда ачык эшиктер күндөрү, #GMW2023kg хештеги менен жарыяланган социалдык тармактарда балдардын сүрөт, кол өнөрчүлүк, видеороликтердин республикалык конкурстары жана башка ар кандай иш-чаралар пландалууда.

Кошумчалай кетсек, Улуттук банк Германиянын Sparkassenstiftung менен биргеликте иштеп чыккан "Топто" финансылык сабаттуулук оюну 15-марттан тарта старт алат. Мектеп жашындагы балдарга жана чоңдорго арналган оюндун максаты - жеке жана үй-бүлөлүк бюджетти башкаруу боюнча көндүмдөрдү алуу. Оюнга каалаган адам катыша алат.