Кыргызстанда авиакаттамдардын баасы дээрлик үч эсеге жогорулады
Ушул жылдын январь-май айларында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу, жалпы республика боюнча калкка көрсөтүлгөн кызматтарга тарифтер дээрлик 4% га жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдады.
Бул мезгилдеги баалардын эң чоң өсүшү жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтары боюнча - дээрлик 14% га, анын ичинде жүргүнчүлөрдү ташуучу аба транспорту - 2,7 эсеге, амбулатордук кызматтар - 6,8% га, бут кийим оңдоо - 4,3%, тигүүчүлүк - 4,1%, учурдагы турак жайларды күтүү жана оңдоо - 3,4% га жана маданий иш-чараларды уюштуруу кызматтары - 0,5% га болгон.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда инфляция 4,8% ды түзөт.