Кыргызстанда реалдуу эмгек акы төмөндөдү

7 июня 2022, 17:06

Ушул жылдын январь-мартында орточо айлык номиналдык эмгек акы 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттерде өстү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык биримдиктин негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча документте айтылат.

Номиналдуу жана реалдуу (товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын индексине корректировкаланган) орточо айлык эмгек акынын эң жогорку өсүш темпи Казакстанда (тиешелүүлүгүнө жараша 123,7% жана 112,7%) жана Беларуста (117,1% жана 104,5%) катталган. Россияда номиналдык эмгек акынын өсүү темпи 115%, реалдуу - 103,1%, Арменияда - 109,6% жана 102,5% түздү.

Эң азы Кыргызстанда. Алсак, Кыргыз Республикасында 2022-жылдын январь-мартында номиналдык эмгек акынын өлчөмү 11,4%га өскөн, ал эми реалдуу 0,3%га төмөндөгөн.