Кыргызстанда депозиттер боюнча компенсация көбөйүшү мүмкүн

27 февраля 2023, 16:23

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети бүгүн “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоору коммерциялык банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай курулуш кредиттик компаниялардын аманатчыларына кепилдик учуру (банкроттук) келип чыккан учурда депозиттер боюнча компенсациянын өлчөмүн 200 миң сомдон 1 миллион сомго чейин көбөйтүүгө багытталган.