Июль айында тоо-кен тармагы 50.6% төмөндөдү

31 августа 2020, 10:23

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын июль айында 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу тоо-кен казуу иштеринин индекси 49.4% түзгөн. Бул маалыматты Евразия экономикалык комиссия билдирет. 

Тоо-кен тармагы дароо 50.6% түшүп кеткен. Ал эми 2019-жылдын январь-июль айында 95.8% түзгөн. 

Кошумчалай кетсек, тоо-кен тармагындагы төмөндөө Евразия экономикалык бирикмедеги Армениядан сырткары, (өсүү 1.5%)  бардык өлкөлөрдө катталган.