Кыргызстандын ички карызынын көлөмү 15% жогорулаган

2 марта 2020, 09:21

2020-жылдын 1-январынын жыйынтыгы менен, 2019-жылдын тийиштүү күнүнө салыштырмалуу ЕАЭБдин ички карызынын көлөмү 21.1% жогорулаганы байкалган. Муну менен катар Белорусияда жана Казакстанда бул көрсөткүчтүн көлөмү төмөндөгөнүн ЕЭК билдирет. 

Армения, Белорусия, Кыргызстандын - тышкы карызы ал эми Казакстан менен Россиянын - ички карызы жогорулаган. 

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын ички карызы өткөн жылга салыштырмалуу 2020-жылдын 1-январда 15% жогорулады, тышкы карыздын көлөмү эч өзгөрүүсүз бойдон калды. Жалпысынан республиканын мамлекеттик карызы бир жыл ичинде 2 % көбөйдү.