Кыргызстанда биржанын товардык-сырьелук сектору ишин жандантты

14 сентября 2022, 11:43

Кыргыз фондулук биржасынын товардык-сырьелук сектору 13-августтан тарта ишин жандантты.

Ал эми сатууда пайда болгон биринчи сунуш - чийки камыш кантынан жасалган ак кант болду. 100 тонна кумшекер сатыкка коюлуп, баштапкы баасы 8 миллион 150 миң сомду түздү. Эсептешүү накталай эмес.

Сатуучу “Кошой” кант заводу.

Кошумчаласак, аукцион 16-сентябрда аяктайт.