ЕБ 2024-жылы Кыргызстанды ВСП+ программасына кайра киргизиши мүмкүн

21 сентября 2022, 12:05

Ушул жылдын аягында Кыргызстандын Евробиримдиктин преференциялардын жалпыланган схемасы “Туруктуу өнүгүү үчүн атайын жеңилдетүүчү макулдашуу” (ВСП+) программасына катышуу мөөнөтү аяктайт.

Евробиримдик Кыргызстанды программага кайра киргизүү маселесин кароого даяр. Чечим 12-сентябрдан 17-сентябрга чейин республикада болгон ЕБ миссиясы тарабынан даярдалган ВСП+ алкагында колдонулган 27 эл аралык конвенциянын аткарылышынын жүрүшүнө мониторингдин негизинде кабыл алынат.

Мониторингдин жүрүшүндө белгиленгендей, ВСП+ макамын эффективдүү пайдалануу дагы эле чектелүү болгону менен бул схема өкмөт, жарандык коом жана бизнес тарабынан жакшы белгилүү жана жогору бааланат.

“2016-жылдан бери ВСП+ бенефициары болгон Кыргызстан ЕБге экспорттолуучу бардык товарлардын 66%ына соода преференцияларын жана тарифтерди толугу менен алып салууга ээ болуп, 27 конвенцияны натыйжалуу аткарууга милдеттенет”, — деп айтылат маалыматта.

Мониторингдин жүрүшүндө Евробиримдиктин өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын баңги заттарга каршы күрөш жана Профсоюздар федерациясы жана иш берүүчүлөр уюму менен үч тараптуу социалдык диалог жаатындагы ийгиликтерин белгилешти. Анткен менен беш негизги багыт боюнча конвенцияларды ишке ашырууда дагы эле бир катар көйгөйлөр бар: жарандык коомго жана массалык маалымат каражаттарынын эркиндигине басымдын күчөшү, аялдардын укуктары, дискриминацияга каршы күрөшүү, коррупция менен күрөшүү, кыйноо жана пенитенциардык системадагы шарттар.

Бул отчет ВСП+ мыйзамдык базасын кайра карап чыгуу жана Кыргызстанды программага кайра киргизүү контекстинде негизги мааниге ээ экендиги белгиленген.