Көмүрдүн баасына убактылуу жөнгө салуу киргизилди

3 ноября 2022, 17:44

Кыргызстандын аймагында көмүрдүн баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилдиБул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.

Бул чечим көмүрдүн баасын ооздуктоо, 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилинде калкты өз убагында туруктуу көмүр менен камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Көмүрдүн баасын жөнгө салуу эң жогорку бааны белгилөө менен 90 күндүк мөөнөткө киргизилет.

Муну менен бирге, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине социалдык маанидеги товарларга болгон бааларды көзөмөлдөө тапшырмасы берилди.

Бул чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.