Кыргызстанда ички инвестиция көбөйдү

13 марта 2019, 16:02

Улуттук статистика  комитети билдиргендей 2019-жылдын январь-февраль айларында былтыркы жылга салыштырганда негизги капиталга инвестиция салуу өстү. Бирок, курулуш тармагы, кара иштетүү, суу менен камсыздоо тармагы, искусства, көңүл ачуу жана спорт, ошондой эле кызмат көрсөтүү тармактарында өсүү катталган эмес. 

 

 2018-жылга салыштырмалуу ички инвестициянын көломү  3.3% өссө, а сырткы инвестициялоо  тескеринче 11.9% төмөндөгөн.

Инвестициянын жалпы көлөмү (жалпы көлөмдүн 85% )  пайдалуу кен казуу тармагындагы имараттарды курууга, кайра иштетүү, электр энергиясы, газ менен камсыздоо, транспорт жана турак жай тармактарына багытталган. 

бул жылы январь-февраль  айларындагы өсүү темпи  биринчи кезекте чекене сатуунун көлөмүнө –  3.4% дүңүнөн сатуу – 4.4% чыкты.