Кыргызстанда жумушсуздардын саны көбөйдү

27 августа 2021, 11:14

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, 1-августка карата жумушсуздук боюнча ишке орноштуруу кызматтарына 106 миң адам кайрылган. 2020-жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу ишке муктаж жарандардын саны 4%га өстү.

Бирок жумушсуз катары катталгандар 80,5 миң кишини түзөт.

Катталган жумушсуздардын көбү Жалал-Абад жана Ош аймактарында, жалпысынан 57,3%.

Кошумчалай кетсек, катталган жумушсуздардын жалпы санынын 46,1% ы аялдарга туура келет.