Мамлекеттик карыздын көлөмү 11 млрд сомго жогорулады

25 ноября 2019, 10:45

2019-жылдын 1-октябрындагы жыйынтык менен, ЕАЭСтин билдирүүсү боюнча мамлекетик карыздын көлөмү өскөн. Ал эми Армения, Белорусия, Казакстанда мамлекеттик карыздын көлөмү тескерисинче азайган. 

2019-жылы мамлекеттик карыздын тутуму Армения, Белорусия, Кыргызстанда тышкы карыздан үстөмдүк кылган. Ал эми Казакстан жана Россияда - ички карыз үстөмдүк кылат. 

Кыргызстанда мамлекеттик карыз 4 млрд 503.5 млн $ түзгөн, анын ичинен өлкөнүн тышкы карызы - 3 млрд 772.19 млн $ (бардык мам.карыздан 83.8 %), ички - 731.31 млн $ (16.2%)  түзгөн. 

2018-жылдын 1-октябрына салыштырмалуу мамлекеттик карыз 11 млрд 528 млн сомго өскөн. Бул ички карыздын (+9 млрд 385.4 млн сомго), тышкы карыз (+2 млрд 143.3 млн сомго) өскөнү менен байланыштуу.