Кыргызстанда жыл ичинде 377 миң 439 жаңы электрондук капчык ачылган
Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 17-апрелде MegaCom, Beeline жана О! уюлдук компанияларын жетекчилери менен жолугушту.
Эскерте кетели, 2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыяланып, нак эмес төлөмдөрдун көлөмун көбөйтүү каралган.
КР 513 миң 754 электрондук капчык Balance, MegaPay менен «O!Деньги» аркылуу катталган.Жолугушуу маалында бул маселелер талкууланды:
- ананимдүү электрондук капчыктар тууралуу;
- субагенттик түйүндү жандандыруу;
- абонентердин эсеп чотунан акчаны кайтаруу;
- төлөмдөрдү кепилдөө (камсыздоо депозиттери ).
-
Жолугушууннун жыйынтыгында жогорудагы маселердин баардыгы Улуттук Банктын жумушчу тобу менен бирге иштеп чыгуу каралды.
Айтмакчы, 2018-жылы кыргызстандыктар 377 миң 439 жаңы электрондук капчыкты Balance, MegaPay менен «O!Деньги» кызматтары аркылуу ачышкан.