Кыргызстанда бир жылда күрүч 47,13% кымбаттады

10 июля 2023, 10:18

Кыргызстанда бир жылдан бери орточо дан күрүч 41,41 сомго, же 47,13%га кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтары тастыктайт. 

Алсак, былтыр июнь айында күрүчтүн орточо баасы 87,01 сом деңгээлинде белгиленген. Быйыл июнь айында орточо баа 128,42 сомду түзгөн.

Кошумчалай кетсек, күрүчтүн баасы 2022-жылдын августунан тарта көтөрүлө баштаган.

 

Кабардар болуңуз! Биздин телеграм каналыбызга жазылыңыз.