Бир айда жашылча 8,5%га кымбаттады

13 ноября 2021, 15:54

Ушул жылдын октябрь айында өткөн айга салыштырмалуу жалпы Кыргызстан боюнча жашылча орточо 8,5%га кымбаттады. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Баарынан да - 2,2 эсеге бадыраң кымбаттады. Андан кийин - помидордун баасы 1,8 эсеге өскөн.

Баанын бир аз кымбатташы – 13,7%га капуста үчүн белгиленген. Картошка 9%га кымбаттады.