Буудайдын баасы бир айда 21,39% га кымбаттады

5 августа 2021, 12:04

Кыргызстанда буудайдын орточо баасы 5-июлдан 4-августка чейин 21,39%га жогорулаганын Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Өсүш үстүбүздөгү жылдын 8-июлунан бери катталган. Баанын өсүшү дээрлик бардык аймактарда байкалган.

Ал эми 4-августка карата эң жогорку баа Нарын, Жалал-Абад жана Баткенде - килограммы 40, 37,5 жана 35 сом болгон.