Өлкөдө жыл башынан бери калк үчүн жаратылыш газы 5,3%га арзандады
Кыргызстанда июль айында калк жана өнөр жай ишканалары үчүн жаратылыш газына тарифтер төмөндөдү. Бул тууралуу “Акчабарга” “Газпром Кыргызстан” ишканасынын call-борборунан билдиришти.
Ушул жылдын июль айына карата калк үчүн 1 куб метр газдын баасы 17,3 сомду, өнөр жай ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн 20,98 сомду түздү.
Жыл башынан бери калк үчүн тарифтер 4,2%га төмөндөдү. Ошол эле учурда июнь айындагы тарифтерге салыштырмалуу төмөндөө 1,7%ды түздү.
Кошумчалай кетсек, 2022-жылдын июль айында өткөн жылдын июль айына салыштырмалуу газдын тарифи калк үчүн 2,5%га, өнөр жай ишканалары үчүн 3,7%га төмөндөгөн.
Кошумчаласак, август айында тарифтер калк үчүн 17,1 сом (2022-жылдын башына -5,3%), өнөр жай ишканалары үчүн 21,67 сом (-0,5%) өлчөмүндө белгиленген.