Бир аптада кой, уй жана чочко эти кымбаттады

4 июля 2022, 11:13

Кыргызстанда июнь айынын акыркы жумасында кой, уй жана чочко эти кымбаттады. Бул тууралуу Монополияга каршы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кой эти 0,9%га, 503,1 сомдон 508,1 сомго кымбаттады. Уй эти 1,7%, чочко эти 4,1% кымбаттады.

Белгилеп кетсек, канаттуулардын этине жана балыкка баалар мурдагы деңгээлде сакталган. Тоок этинин баасы 266,3 сом, балык 208,3 сом, балык (сельд) 178,8 сом, бирок скумбрия жана лосось бир аз арзандап, тиешелүүлүгүнө жараша 0,6% жана 0,4%га төмөндөгөн.