Сентябрда Кыргызстандан которулган акчанын көлөмү максималдуу чекке жетти

10 ноября 2022, 14:05

Сентябрь айында тез которуу системалары аркылуу жеке адамдар тарабынан 170,4 миллион доллар башка өлкөлөргө которулган. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.   

Бул сумма ушул эле жылдын август айына салыштырмалуу 27,7%га жогору. Ошондой эле, 2021-жылдагы орточо айлык которуулардан 3,63 эсе көп.

Ага ылайык, 108,6 миллион доллардын көбү же жалпы көлөмдүн 63,7%ы Орусияга жөнөтүлгөн. Августка карата сумма 9,95%га (120,6 млн доллардан) азайган. Ошол эле учурда,Түркияга жөнөтүлгөн сумманын саны кескин өскөн. Сентябрь айында Кыргызстандан тез которуу системалары аркылуу Түркияга 55,3 миллион доллар жөнөтүлгөн. Бул август айына караганда дээрлик 6 эсеге көп.

Кошумчалай кетсек, 2022-жылдын январынан сентябрына чейин жеке адамдар Кыргызстандан жөнөткөн акчанын көлөмү 779,4 миллион долларды түздү. Анын 680,7 миллион доллары Орусияга, 79,2 миллион доллары Түркияга кеткен.