ЕАЭБ боюнча Кыргызстанда инфляциянын деңгээли эң жогору

8 декабря 2021, 09:32

Ушул жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстанда 2020-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу керектөө бааларынын эң жогорку өсүшү катталls. Мындай корутундуну Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматынын негизинде чыгарууга болот.

Маалыматка ылайык, баалар 11,9 пайызга кымбаттаган. Бул Евразиялык экономикалык биримдиктеги орточо көрсөткүчтөн 5 пайыздык пунктка жогору.

Кошумчаласак, ушул жылдын башынан бери Кыргызстан ЕАЭБ боюнча баалардын эң жогорку өсүү көрсөткүчүн сактап келет. Буга чейин 2020-жылы керектөө товарларынын баасын өсүшү боюнча Казакстан лидер болуп келген.