Өлкөдө инфляциянын басаңдашы 2023-жылдын башында болушу мүмкүн

14 сентября 2022, 09:57

2022-жылдын июль айында Кыргызстанда инфляция 13,8%га (өткөн айга салыштырмалуу +0,7%), август айында 15,6%га чейин өстү.

Буга, ЕӨБ талдоочуларынын айтымында, тамеки заттарына акциздик салыктын көбөйүшү, ошондой эле импорттук баанын жогору болушу жана өндүрүүчүлөр үчүн чыгымдардын өсүшү түрткү болгон.

"Тышкы сектордун керектөө бааларынын индексине жогорулоо басымы, дүйнөлүк жеткирүү чынжырындагы үзгүлтүктөр жана соода өнөктөш өлкөлөрдө жогорку инфляция жылдын калган бөлүгүндө уланат", - деп айтылат банктын макроэкономикалык баяндамасында.

Ошентип, ЕӨБ талдоочуларынын айтымында, инфляциянын басаңдашы 2022-жылдын акырына карата – 2023-жылдын башынан эрте эмес күтүүгө болот.