Кыргызстанда бизнес үчүн соода порталы ачылды

9 декабря 2021, 14:38

Кыргызстанда тышкы соода операциялары менен алектенген ишкерлерге ыңгайлуулук үчүн Соода порталы ишке кирди. Платформа сооданы жеңилдетүү боюнча ДСУ келишиминин талаптары жөнүндө маалыматты камтыйт, ошондой эле импорттук, экспорттук жана транзиттик жол-жоболор боюнча практикалык колдонмонун бир түрү болуп саналат.

ITC, UNCTAD жана Европа Биримдигинин колдоосу менен түзүлгөн “Бирдиктүү терезе борбору” мамлекеттик ишкана саналган долбоордун авторлору Соода порталы жергиликтүү жана чет элдик ишкерлер үчүн пайдалуу болуп, Кыргызстандын бизнес коомчулугунун кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик органдарга да соода процесстерин рационалдаштырууга жана жөнөкөйлөштүрүүгө жардам берет деп ишенишет.

Порталды иштеп чыгуу 1,5 жылга созулган.