Кыргызстанда төлөм системасынын жаңы оператору ишин баштайт

10 января 2020, 10:20

КР Улуттук банкы ОсОО «Кыргызмобайлкомпанияны» төлөм системасынын жаңы оператору катары Улуттук банк тарабынан катталды. Бул тууралуу Улуттук банктын официалдуу сайтында маалымдалат. 

 Кыргызмобайлкомпаниясы төлөм жана эсеп кызматтарын көрсөтүү, үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштайт. 

Белгилей кетсек, компаниянын уюштуруучсуу катары ЖАК «Альфа Телеком» жана МАмлекеттик мүлктү башкаруу фонду кирет. 2015 - жылы ачык соода жүргүзүүдө компанияны 75% акциясы 210 млн сомго, аталган мобилдик  оператор тарабынан сатылып алынган.