ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда жашоо арзаныраак

8 ноября 2022, 10:40

Евразиялык экономикалык биримдиктин башка өлкөлөрүнө караганда Кыргызстанда жашоо арзаныраак. Бул тууралуу маалыматты Numbeo статистикалык сайты жарыялады.

Маалыматка ылайык, Казакстанда жашоо минимуму Кыргызстанга караганда 7,08%, Беларуста 36,74%, Арменияда 57,38% жогору. Ошол эле учурда Орусияда жашоо 84,15%га кымбат.

Кыргызстанда үй-бүлөнүн төрт мүчөсүнүн бир айлык чыгымы (ижара акысын кошпогондо) 1371,68 долларды түзөт. Казакстанда бул көрсөткүч 1489,13 доллар, Беларуста 1821,5 доллар, Арменияда 2102,01 доллар, Орусияда 2353,7 долларды түзөт.