Кыргызстанда алтындын баасы 4,5% га төмөндөдү
Кыргызстанда аффинаждалган алтындын баасынын төмөндөө тенденциясы байкалууда. Бир жума ичинде алтындын 1 граммы 4,5% га арзандады. Бул тууралуу Улуттук банктан маалым болду.
11-июнда 1 грамм салмактагы алтындын куну 6 миң 600 сомду, ал эми 21-июнда 6 миң 303 сомду түздү.
Ошондой эле, 2 грамм алтындын баасы 4,9% га, аффинаждалган 5 грамм - 5,1% га, 10 грамм - 5,5% га, 31 грамм - 5,6% га арзандады.
Улуттук банктын бир троя унциясын сатып алуу күнүнө 6 миң 823 сомго же 80,6 долларга арзандаган.