«Кыргызтелекомдо» топ-менеджерлер кайрадан алмашты

30 мая 2022, 12:10

"Кыргызтелеком" ААКсында кайрадан башкармалыктын курамында өзгөрүүлөр болду. Ага ылайык, башкармалыктын төрагасынын эки орун басары Владислав Хван менен Илья Черныйдын ыйгарым укуктары токтотулду, деп айтылат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында.

Мындан тышкары, башкармалыктын дагы бир мүчөсү Нургазы Сатимкуловдун ыйгарым укуктары токтотулду.

Директорлор кеңешинин чечими менен директорлор кеңешинин курамына төрт топ-менеджер шайланды. Алар: Бектен Джандаев, Марат Исманов, Зейнеп Кунакунова, Мээрим Ташкулова.

Белгилей кетсек, Хван менен Черный өз кызматтарына 11-февралда дайындалышкан.