«Кыргызтелекомдун» директорлор кеңешинин жаңы курамы шайланды
“Кыргызтелекомдун” акционерлери директорлор кеңешинин жаңы курамын шайлашты. Бул тууралуу компаниянын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушунда белгилүү болду.
Ошентип, “Кыргызтелекомдун” жаңыдан шайланган Директорлор кеңешинин курамы:
- Атай Асылбеков - Директорлор кеңешинин мүчөсү;
- Улан Жолдошов - директорлор кеңешинин мүчөсү;
- Дамир Сулайманов - Директорлор кеңешинин мүчөсү;
- Жеңишбек Ахматов - Директорлор кеңешинин мүчөсү;
- Үсөнаалы Бекишов – директорлор кеңешинин төрагасы.
Ишкананын текшерүү комиссиясынын курамына Жыргалбек Кыдыралиев менен Асейин Мамбетов шайланды. Комиссияны Камбарбек Молдобеков жетектеди.