Ошто Бонецкийдин лабораториясынан 50% арзан анализ тапшырса болот

22 марта 2024, 12:30

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы Бонецкийдин лабораториясынын өндүрүштүк филиалынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Компания Ош шаарында жаңы өндүрүштүк лаборатория ачып, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын тургундарына лабораториялык диагностикалык кызматтарды көрсөтөт.

Бонецкийдин лабораториясы менен Саламаттык сактоо министрлиги биригип, калкка жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүдө. Меморандумга ылайык, мамлекеттик медициналык мекемелерден атайын жолдомо алган бардык бейтаптар 50%га чейинки арзандатуу менен лабораториядан анализ тапшыра алышат.