2021-жылдын май айында коммерциялык банктардагы эсептешүү эсептери 4,8 млрд сомго толукталды

29 июня 2021, 09:55

Ушул жылдын май айынын аягына карата коммерциялык банктардын депозиттик базасы 193.3 млрд сомду түздү. Алардын ичинен 63.3 млрд сому юридикалык жана физикалык жактардын эсептешүү эсебине туура келет деп айтылат Улуттук банктын отчетунда.

Бир ай аралыгында эсептер 8% өскөн. Компаниялардын эсебинде 58.6 млрд сомдон көбүрөөк болсо, физикалык жактарда 2.1 млрд сомду түзөт.