Май айында COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны 1,3 эсеге көбөйгөн

23 июня 2021, 13:30

Ушул жылдын май айында андан мурунку айга салыштырмалуу коронавирустук инфекция менен ооругандардын саны 1,3 эсеге көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Май айында жалпысынан Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын 9,6 миң лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган учурлары катталган. Инфекциянын 60% га жакыны Бишкек шаарында, 23% га жакыны Чүй облусунда катталган.

Май айында калктын 100 миңине туура келген оорулардын саны апрель айына салыштырмалуу 1,3 эсеге, ал эми март айына салыштырмалуу 4,1 эсеге көбөйгөн.