Май айында Каржы министрлиги бюджетке 5,9 млрд сом тартат

26 апреля 2023, 17:00

Каржы министрлиги 2023-жылдын май айына карата мамлекеттик казына облигацияларынын эмиссиясынын алдын ала көлөмүн жарыялады.

Алсак, ведомство келерки айда 5 миллиард 950 миллион сомго мамлекеттик облигацияларды жайгаштырат.

Мында эң көп сумманы же 3,7 млрд сомду 10 жылдык мамлекеттик облигациялар аркылуу тартуу пландалууда.