Майлуу-Суудагы отканалардын биринде суу берүү калыбына келтирилди

2 августа 2023, 10:35

Майлуу-Суудагы №3 отканага түтүктөр орнотулуп, артезиан суусу жеткирилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Эске салсак, 2023-жылдын 13-январында аба ырайы кескин сууктап, Майлуу-Суудагы шаардык суу менен камсыздоо ишканасынын суу түтүктөрү тоңуп, калаа суусуз калган. Мындан улам Майлуу-Суу шаарында “өзгөчө кырдаал” режими киргизилип, шаардын бардык кызматтары күчөтүлгөн тартипте ишин жүргүзүшкөн.

Бүгүнкү күндө калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, диметри 150 мм, 1335 метр, диаметри 219 мм 265 метр түтүктөрү сатылып алынып, орнотуу иштери аяктап, №3 отканага артезиян суусунун түтүктөру тартылып жеткирилди. Артезиан суусу түтүккө кое берилип, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми майда-барат жумуштары толугу менен 2023-жылдын 1-сентябрына чейин бүткөрүлөт.

№3 отканага түтүктөрдү орнотуп, артезиан суусун жеткирүүнүн жалпы суммасы 2,7 млн.сом акча каражатын түздү. Бул долбоор мамлекет тарабынан ишке ашырылды.