«‎Манас» аэропортунда кадрдык өзгөрүүлөр болду

19 апреля 2021, 10:00

«‎Манас» аба майданынын директорлор кеңеши компаниянын башкаруу кеңешинин төрагасынын эки орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Ошентип, Мурат Примбердиев жана Жолдошбек Токторбаев ээлеген кызматынан бошотулушуп, алардын ордуна Рысбек Оморов жана Абдималик Бусурманкулов дайындалды.

Ошондой эле, Шакир Жангазиев аэропорттун директорлор кеңешинин мүчөсү кызматынан кеткени белгилүү болду.