Ушул жылдын март айында Кыргызстандын экспорту айына 44,5% га жогорулаган

18 мая 2021, 10:40

ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөр менен Кыргызстандын соода-сатыгы 2021-жылдын март айында 324 миллион долларды түзгөн. Биримдикте экспорттун жана импорттун өсүш темпи Кыргыз Республикасында жогору экендиги ЕЭКтин отчетунда айтылды.

2021-жылдын март айында Кыргызстан 125 млн долларга товар экспорттосо (2021-жылдын февралына карата өсүш - 44,5%), 199 млн долларга импорттолгон (өсүш 56,4%).

ЕАЭБдин биримдиктен тышкаркы өлкөлөр менен тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү үстүбүздөгү жылдын март айында 65 миллиард доллардан ашып, бир айдын ичинде өсүш дээрлик 20% ды түздү. Отчеттук айда экспорт дээрлик 38 миллиард долларга жетсе, импорт 27 миллиард доллардан ашты.