Коммерциялык банктардын кредиттик портфели 7.93% жогорулаган

2 октября 2020, 12:05

Кыргызстандын коммерциялык банктарынын кредиттик портфели жыл башынан бери 7.93% жогорулаган. Бул маалыматты республиканын Улуттук банкы билдирди. 

Август айынын аягында 157 млрд 355.2 млн сомго насыя берилген. 

Белгилей кетсек, кыргызстандыктар насыянын басымдуу бөлүгүн март айында - 8.4 млрд сом алышкан. Бул акыркы беш жылдагы орточо көрсөткүчтөн 168.6% жогору болгон. Андан соң, апрель жана май айларында кайрадан төмөндөө байкалган. 

Кошумчалай кетсек, карыздар март айында соодага, өнөр-жайга, курулуш иштерине берилген. 2020-жылдагы насыя берүүнүн динамикасында туу чоку (пик) июнь айында - 366.7 млн сомго катталган.