Компаниялар март айында Фондулук биржада 70% га аз инвестиция тартты

12 апреля 2021, 09:01

Баштапкы рынокто март айында ААК МФК "Салым Финанс" жана ЖЧК "Баркад" корпоративдик облигацияларын жайгаштыруу боюнча гана бүтүмдөр катталган. Мындай маалыматтар Кыргыз фондулук биржасынан белгилүү болду. 

[жаңылыктар 33897]

Секциядагы соода-сатыктын жалпы көлөмү 5,9 миллион сомду түздү, февраль айына салыштырмалуу корпоративдик облигацияларды жайгаштыруунун көлөмү 70% га төмөндөгөн.

"Салым Финанс" микрофинансылык компаниясы 6-чыгарылыштагы корпоративдик облигацияларын жайгаштырууну улантууда, анын сатылыш көлөмү март айында 2,6 млн болгон. Марттын аягында жайгаштырылган облигациялардын жалпы көлөмү 29 миллион сомду түзгөн. "Баркад" корпоративдик облигацияларын жайгаштыруунун көлөмү 3,3 млн сомду түздү, эмиссиянын облигацияларынын болжол менен 16% марттын аягында сатыкта ​​калды", - деп кошумчалашты биржанын аналитиктери.