Кыргызстанда дүң жана чекене сооданын көлөмү 9.1% жогорулаган

16 апреля 2020, 09:04

Кыргызстанда январь-март айларында дүң жана чекене сооданын көлөмү 77.45 млрд сомду түзгөн. Өткөн жылга салыштырмалуу 9.1% же 6.5 млрд сомго жогорулаган. 

Автоунаа жана мотоциклдерди оңдоп-түзөө жайлардын жүгүртүүсү 14.13 млрд сомду түзүп, 4.05% жогорулаган. 

Эске сала кетсек, Кыргызстандагы коронавирус илдетинин жайылышынан соң соода борборлор 19-марттан тарта убактылуу жабылган. Бүгүнкү күндө азык-түлүк саткан ири соода борборлор, дүкөндөр жана кичи базарлдар иштеп жатышат.