Мартта Кыргызстандын тышкы карызын төлөөгө чыгашалары 2,5 эсеге өстү

17 апреля 2023, 09:28

Март айында Кыргызстан мамлекеттик карызды тейлөөгө 4 миллиард 908 миллион 125,7 миң сом коротту. Мындай маалыматтар республиканын Финансы министрлиги тарабынан берилди.

Анын 1 млрд 326 млн 908,6 миң сому ички карызды төлөөгө, дагы 3 млрд 581 млн 217,1 миң сому тышкы карызды төлөөгө багытталган.

Кошумчалай кетсек, февраль айына салыштырмалуу Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө кеткен чыгымы 131,8%га өскөн. Ички карыз боюнча төлөм 555 млн 857,8 миң сомго, ал эми тышкы карыз боюнча 2 млрд 234 млн 916,6 миң сомго көбөйгөн.