Март айында Кыргызстан менен Белорусияда инфляциянын жогорку көрсөткүчү катталган

16 апреля 2020, 09:20

2020-жылдын март айында, 2019-жылдын декабрь айына салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан жана Белорусияда инфляциянын жогорку көлөмү - 2.7% түзгөн. 

Белгиленгендей, Орусияда инфляциянын минималдуу көрсөткүчү - 1.3% катталган. 

2019-жылдын декабрь айынан 2020-жылдын март айына чейин Кыргызстанда керектөөчү товарларга болгон баанын саны жана тарифтер 5.2% жогорулаган. Ар түрдүү буюмдарга болгон баа - 4.1% жогорулаган.