Кыргызстанда жаратылыш газынын баасы кымбаттады

30 марта 2023, 10:50

Кыргызстанда март айында жаратылыш газына тариф калк үчүн 1,1%, ал эми өнөр жай ишканалары үчүн 1,6% кымбаттады. Бул тууралуу “Акчабарга” “Газпром Кыргызстан” ишканасынын call-борборунан билдиришти.

Ушул жылдын март айына карата газдын бир метр кубунун баасы калк үчүн 18,97 сомду, өнөр жай ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн 22,84 сомду түздү.

Эске салсак, февраль айында тариф ишканалар үчүн 22,6 сом, калк үчүн 18,76 сом болгон.