Март айында азык-түлүккө болгон баа 9.8% жогорулаган

20 апреля 2020, 09:33

Үстүбүздөгү жылдын март айында, 2019-жылдын март айына салыштырмалуу тамак-аш азыктарына болгон баанын өсүшү Кыргызстан, Казакстан жана Белорусияда катталган. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиядан билдирди.

Белгиленгендей, Кыргызстанда баанын өсүшү  - 9.8%, Казакстанда - 9.3%, Белорусияда - 3.6% түзгөн. 

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда азык-түлүк эмес товарлардын баасы - 1.6% жана акы төлөнүүчү кызматтар - 1.2% жогорулаган. Казакстанда азык-түлюүк эмес товарларга болгон баа - 5.5%, Белорусияда - 4.6% түзгөн. Акы төлөнүүчү кызматтарга болгон баа БР - 7.5%, КР - 3.5% жана РФ - 3% жогорулаган.