«Манас» аэропортунда директор алмашты

8 июля 2022, 09:06

“Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын директорлор кеңеши 7-июлдагы жыйынында башкы директор Бакыт Шаршеевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Ушул эле күнү компаниянын башкармалыгынын жаңы жетекчиси шайланды.

Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, директорлор кеңешинин жаңы төрагасы, башкы директор болуп Манас Самидинов дайындалды.

Жаңы жетекчини жамаатка Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасынын орун басары Медер Машиев тааныштырды.

Ачык булактардан белгилүү болгондой, жаңы жетекчи 36 жашта, ал “Манас Менеджмент Компани” ЖАКты жетектейт, анын курамына авиажүк жана учакта тамактануу борбору кирет.