Санариптик өнүктүрүү министрлигине жаңы орун басар дайындалды
Сергей Слесарев Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Тиешелүү документке министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Маалым болгондой, Сергей Слесарев 1999-жылы КМУну экономист адистиги боюнча, ал эми 2003-жылы Кыргыз-Орус (Славян) университетин(юриспруденция) аяктаган.