Санариптик өнүктүрүү министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду

29 марта 2023, 11:39

Ренат Айтымбетов Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду.

Мындан тышкары Жазгүл Кийизбаева да аталган министрликтин орун басары болуп дайындалды.

Президенттик аппараттын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев мекеменин борбордук аппаратына ведомствонун жаңы дайындалган орун басарларын расмий түрдө тааныштырды.